Президент Жээнбеков православдарды Пасха майрамы менен куттуктады

Жазылуу
Өлкө башчысы элге бекем ден соолук жана бакубаттык каалады.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков христиандарды Пасха майрамы менен куттуктап, бул күн гумандуулуктун жана руханий тазалыктын белгиси экенин баса белгиледи.

"Урматтуу мекендештер жана Кыргызстандын православ жарандары. Сиздерди чын жүрөктөн майрамыңыздар менен куттуктайм. Пасха — православдардын жашоодогу жолун жана руханий баалуулуктарын, каада-салттарын бириктирген жаркын майрам. Өзүнө гумандуулуктун идеясын камтып, адамдын адилеттүүлүккө болгон ишенимин бекемдейт", — деди Жээнбеков.

Куттуктоодо Кыргызстандын эли жыл сайын Нооруз, Орозо айт, Курман айт, Рождество жана Пасха майрамын бирге белгилей турганы кубандырары айтылган.

Мындан тышкары, президент элге бекем ден соолук жана бакубатчылык каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0