Жардамга!.. Шереметьевого өрттөнүп конгон учактын ичинен тартылган видео

© AFP / VIKTOR MARCHUKAITESПожар в самолете летевшего рейсом Москва — Мурманск
Пожар в самолете летевшего рейсом Москва — Мурманск - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sukhoi Superjet 100 учагы авариялык абалда Шереметьево аэропортуна конгон. Учактагы 78 жүргүнчүнүн 37си гана аман калган.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Sukhoi Superjet 100 учагынын жүргүнчүлөрү учактын кыймылдаткычтары күйүп жатканын видеого тартып алышкан. Аны РЕН-ТВ телеканалы көрсөттү.

Видеодо учактын кыймылдаткычы жана канаттары күйүп жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле салондогу жүргүнчүлөрдүн жардам сурап кыйкырып жатканы угулат.

Окуя 5-майда болгон. Sukhoi Superjet 100 учагы Москвадан Мурманскиге учуп, абага көтөрүлгөндөн кийин 28 мүнөттөн соң Шереметьево аэропортуна конууга аргасыз болгон. Учак аба ырайынын катаалдыгынан улам экинчи жолку аракетинде гана коно алган. Жерге конуп жатканда кыймылдаткычтары иштебей калып, күйүп кеткен.

Конуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалындаган өрт, уюлгуган кара түтүн. Учактын Шереметьевого конгон видеосу
Мурманск облусунун жетекчилиги тарабынан аймакта үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Облустун каза болгон тургундарынын жакындары миллион рублден компенсация алат. Ал эми ооруканага жеткирилгендерге 500 миң рублден берилет.

Учактын ичиндеги 78 жүргүнчүнүн 37си гана аман калган. Алардын 33ү жүргүнчү болсо, төртөө экипаждын мүчөсү.

Тирүү калгандардын тизмесин "Аэрофлот" өз сайтына жарыялады.

Алты киши ооруканага жаткырылып, үчөө оор абалда экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0