Бейшембиге карата аба ырайы

© AFP / JORGE GUERREROКүндөн калгаланып жаткан кыз. Архив
Күндөн калгаланып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. 30-майда өлкө аймагы боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда +30…+35, Таласта +29…+34 градус жылуу болору айтылды.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облусунда күндүн табы +32…+37 градуска көтөрүлөт.

Ысык-Көлдө +21…+26 градус жылуу болсо, Нарында абанын температурасы +22…+27 градуска жетет.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Бишкек шаарында +32…+34 градус жылуу, Ошто күндүн табы +33…+35 градуска чамалап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0