Июндун башы жаанчыл болобу? Кыргызгидрометтин маалыматы

Жазылуу
Туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстандын аймагында июндун башы жаанчыл болорун ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 1-июнда күндүз жана 2-5-июнда туруксуз аба ырайы күтүлөт.

1-июнда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Электр лампасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүй облусунун бир нече айылында 30-июнь күнү жарык өчөт. Тизме
2-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 3-июнда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

2-3-июнда Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-июнда кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

4-5-июнда туруксуз аба ырайы сакталып турат. Кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0