Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишембиде Кыргызстандын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. 1-июнда түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Таласта +26…+31 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +28…+33, Ысык-Көлдө +19...+24 жана Нарын жергесинде +20…+25 градус ысык болот.

Ош жана Бишкек шаарларында күндүз мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүн табы Ошто +30…+32, Бишкекте +31…+33 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0