Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2-5-июндарда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. 3-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы болжолдонууда. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +22... +27, Баткен, Ош жана Жалал-Абадда +24...29, Нарын жергесинде +16...+21, ал эми Ысык-Көл өрөөнүндө +18... +23 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күндүн табы Ошто +25...+27, борбор калаада +23...+25 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0