Кыргызстандын эки облусу дүйнөлүк "кол өнөрчүлөр шаары" статусун алышы мүмкүн

Жазылуу
Комиссия кооперативдерди, кол өнөрчүлөрдүн өнөрканаларын, музейлерди жана кол өнөрчүлүккө үйрөтүүчү окуу жайларды кыдырат.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Ысык-Көл менен Нарын облустары Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңеши тарабынан "Кол өнөрчүлөр шаары" деген статус алышы мүмкүн. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстанга аталган кеңештин комиссиясы келди, алар облустарга баа берет. Ысык-Көл облусу "Боз үй шаары" номинациясына, Нарын облусу "Кийизден жасалган шаар" наамына көрсөтүлүп жатат.

Биле жүрөлү! Боз үйдү туура тигүүнү үйрөткөн видео - Sputnik Кыргызстан
Биле жүрөлү! Боз үйдү туура тигүүнү үйрөткөн видео
Комиссия мүчөлөрү кооперативдерди, кол өнөрчүлөрдүн өнөрканаларын, музейлерди жана кол өнөрчүлүккө үйрөтүүчү окуу жайларды кыдырат.

Облустарга эл аралык аймактык бренддин берилиши аймактагы элдик кол өнөрчүлүктүн, облустун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүн шарттайт.

Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин талаптарына ылайык, аймакка эл аралык бренд берүүдө мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан да колдоо болушу абзел.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0