Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Ош облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Шаршемби күнү, 27-ноябрда, республиканын басымдуу бөлүгүндө кар, жамгыр жаабайт.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында -2...-7, Нарында -1...-6, Ысык-Көл, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында 0...-5 градус суук болот.

Бишкек, Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Борбор калаада абанын температурасы -3…-5 градус нөлдөн төмөн болсо, Ошто 2…4 градуска жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0