Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Оторов: техникалык кароо акысын онлайн төлөмгө өткөрүү керек

© Sputnik / Асель СыдыковаИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча ага тескөөчүсү Тилек Оторов. Архив
ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча ага тескөөчүсү Тилек Оторов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча ага тескөөчүсү Тилек Оторов ар бир айдоочу мамлекет милдеттендирбей эле өз каалоосу менен автомашинасын техникалык кароодон өткөрө турган маданияттуулукка жетишүү керектигин айтты.
Оторов: техникалык кароо акысын онлайн төлөмгө өткөрүү керек

Өлкөдө автоунаалардын санынын көбөйүшү менен өзгөчө чоң шаарларда аба булганып жаткандыктан, аларды техникалык кароодон өткөрүүнү милдеттүү түрдө киргизүү зарылдыгы келип чыгууда. Бул тууралуу Тилек Оторов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда республика боюнча 1,5 миллион автомашина катталган. Бирок алардын канчасы жүрүп турат, канчасынын бузулганы жана техникалык абалдары тууралуу маалымат жок.

"Жеке менчик автомашиналарды техникалык кароодон милдеттүү түрдө өткөрүүнүн кайра киргизилишин колдойм. Анткени бул мыйзам жокко чыгарылгандан тартып машина ээлери мындай кароодон өткөрөбү-жокпу, өз ыктыярында эле. Жети жылда өз каалоосу менен барып, автоунаасын техникалык жактан текшертип алган жоопкерчиликтүү айдоочулар абдан аз экенин көрдүк. Коррупцияга жол ачып жатат деген жүйө менен ишмердүүлүгүн токтоткон бул эрежени кайра киргизүү керек. Болгону адамдык факторлорду азайтып, мобилдик тиркеме, банкоматтар аркылуу онлайн төлөм системасына өткөрүү шарт. Бирок мыйзам менен милдеттендирип эмес, аң-сезимдүү түрдө, ушул өлкөнүн атуулу катары айдоочулардын өздөрү бул ишти аткара тургандай маданияттуулукка жеткенге аракеттенишибиз керек", — деди Оторов.

Ал ошондой эле техникалык кароодон өткөргөн компаниялардын да абалына көз салып туруу зарылдыгы бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0