Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. 2-февраль, жекшемби күнү, республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +8…+13, Таласта +7…+12, Ысык-Көлдө +3…+8, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +9…+14 градус жылуу болсо, ал эми Нарын жергесинде -4…-9 градуска чейин суук болот.

Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, күндүн табы ордо калаада +9…+11 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто бул көрсөткүч +10…+12 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0