Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПамятник Курманжан-Датки в Бишкеке
Памятник Курманжан-Датки в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-февралда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Жума күнү, 7-февралда, жергебизде күн ачык, тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +9…+14, Талас жергесинде +8…+13, Ысык-Көлдө +3…+8, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +10…+15 градус жылуу, ал эми Нарында -5…-10 градус суук болот.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбор калаада +12…+14, Ошто +13…+15 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0