"Коопсуз шаар": бир жыл ичинде айып пулдан канча акча түштү

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезентация цифровизированного командного центра в Бишкеке
Презентация цифровизированного командного центра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоор бир жыл мурда февраль айында сынамык тартипте иштей баштаган. Ал эми мартта толук кандуу ишке кирген.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирген бир жыл ичинде жол эрежесин бузган айдоочулар айып пул катары 680 миллион 411 миң 895 сом төлөшкөн. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Разрешение на вождение авто женщинам в Саудовской Аравии - Sputnik Кыргызстан
Жолтандабас айдаган аял милиционерлерди түртүп, кыйкырып... Бишкектеги видео
Бул 26-февралга карата алынган маалымат. Белгилей кетсек, долбоор былтыркы жылдын февраль айында сынамык тартипте иштеп, ал эми мартта толук кандуу киргизилген.

Жалпысынан жол эрежесинин бузулгандыгы боюнча 1 миллион 32 миң 673 токтом чыгарылып, 590 миң 130у боюнча айып төлөнгөн. Бул жалпы сандын 57,2 пайызын түзөт.

Ал эми калганы автоунаа ээсине токтом жетпегендиктен улам төлөнбөгөнү маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0