Ошто чет өлкөдөн коронавирус жуктуруп келген аялдын күйөөсү каза болду

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүВрачи в отделении реанимации в больнице. Архивное фото
Врачи в отделении реанимации в больнице. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө өлкөдө коронавируска чалдыгып каза болгон адамдардын саны төрткө жетти. Алардын бири вирусту жубайынан жуктуруп алган.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Ош шаарында коронавируска кабылган аялдын оорусу жолдошуна жугуп, анын кесепетинен каза болду. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирустан каза болгон адамдардын саны төрткө жетти.

“Карантиндик аймакта турган жарандарды кармоону негизсиз деп видео кайрылуу жасап жаткан жарандарга алар айлана-чөйрөсүнө кандай коркунуч алып келерин далилдеген бир мисалды айталы. Коронавирустан каза тапкандардын бири Ош шаарынын тургуну. Анын чет өлкөдөн келген жубайы COVID-19 жуктурганы аныкталган. Бирок ал өзүн жакшы сезип, оорунун олуттуу белгилери байкалган эмес. Ал эми аны менен байланышта болгон жолдошуна вирус жугуп, илдеттен айыга албай каза тапты”, — деп айтылат маалыматта.

Коронавирус аныктоочу тест. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда дагы 69 адамдан COVID-19 чыкты. Аймактар
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 216га жетти. Анын ичинен 42 киши айыгып чыкты.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0