Күтүүсүз түшкөн кар, ээн калган көчөлөр. Бишкектин асмандан көрүнүшү

Жазылуу
Апрель айында күтүүсүздөн кыш кайтып келгендей болду. Бүгүн борбор калаада жана бир катар региондордо кар түштү. Sputnik Кыргызстан агенттиги ак карга чөмүлгөн Бишкектин көчөлөрүн жана анын асмандан көрүнүшүн тартты.

Аба ырайынын суук болушунан жана өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу калаада эл бирин-серин экенин көрүүгө болот.

Синоптиктер аба ырайы төмөндөп, үшүк жүрөрүн эскертишти. Бирок мындай аба ырайы көпкө узабай турганы айтылды. Кыргызгидромет жакынкы күндөрү жылуу болорун боолголоп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0