Боронов өзгөчө абал режими дагы канчага созулушу мүмкүндүгүн айтты

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКөзөмөл пунктта турган ИИМ кызматкерлери. Архив
Көзөмөл пунктта турган ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат өзгөчө абалды алып, өзгөчө кырдаал режиминин мөөнөтүн узартууга мүмкүнчүлүк болобу же жокпу деп кызыкты.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин биргелешкен комитеттеринин жыйынында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Кыргызстандагы өзгөчө абалдын режими дагы 10-15 күнгө чейин узарышы мүмкүн экенин билдирди.

Анын айтымында, кандай чечим кабыл алынса дагы ишкерликтин айрым түрлөрүнө уруксат берүү каралып жатат.

“Аз болгондо дагы 10-15 күнгө узартышыбыз керек болот. Биз президентке мөөнөтү жок эле сунушту бердик. Кийинки кадамдар ал жактан кабыл алынган чечимдерге карата жасалат. Учурда биз тобокелчилиги азыраак бизнестин түрлөрүнө уруксат берүүнү карап жатабыз”, — деди Боронов.

Мындан сырткары, депутат Чыныбай Турсунбеков өзгөчө абалды алып, өзгөчө кырдаал режиминин мөөнөтүн узартууга мүмкүнчүлүк болор-болбосуна кызыкты.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Ашпозчу, айдоочулар бар. Боронов COVID-19 жуктурган медиктердин кызматын айтты
Буга Боронов өзгөчө кырдаал киргизилсе, айрым чектөөлөрдү алууга туура келип, мындан улам коронавирус жайылып кетиши ыктымал экенин белгиледи.

Кечээ Республикалык штаб өлкөдөгү өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароону президентке сунуштаган.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0