Бишкекте коронавирус жуктурган бир медик сакайды. Аймактар боюнча маалымат

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 449га жетти. Алардын ичинен 244ү аял, 205и эркек.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. 15-апрелге карата Кыргызстанда коронавирустан 78 адам айыкты. Анын көбү Жалал-Абадда. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

Ага ылайык, Бишкекте 11, Жалал-Абад облусу боюнча 41, Ош облусунда 25, ал эми Баткенде бир киши сакайган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы коронавирустан айыккандардын арасында бир медицина кызматкери бар экенин айтты. Ал Бишкек шаарындагы жугуштуу илдеттер ооруканасынан кечээ үйүнө чыгарылган.

Коронавирус кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 449га жетти. Алардын ичинен 244ү аял, 205и эркек. Беш киши каза болду. Вирус аныкталгандардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында.

Министрлер жана өкмөт кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көп нерсеге көзүбүз жетти. Министрлер коронавирустан кандай сабак алганын айтышты
Коронавирус жуктургандардын ичинен 98и медицина кызматкери.

Өлкөнүн бир катар шаар, райондоруна киргизилген өзгөчө абал режими апрелдин аягына чейин узартылып, тизмеге Нарын шаары менен Ат-Башы району да кошулду.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0