Коронавирус: учурда 11 кишинин абалы оор, төртөө реанимацияда

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер эскалаторда турган учурда. Архив
Медициналык кызматкер эскалаторда турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-апрелде инфекцияны жуктуруп алгандардын саны 466га жетти. Жаңы жуктурган 17 кишинин жетөө аял, 10у эркек. Сакайып кеткендердин жалпы саны 91 болсо, беш киши каза тапты.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Ушул тапта коронавирус жуктуруп алган байтаптардын арасынан 11инин абалы оор, алардын төртөө жандандыруу бөлүмүндө. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

“Жалпысынан 370 киши ооруканада. 359 оорулуунун абалы орточо жана канааттандырарлык деп бааланууда. Калган 11 адам оор абалда”, — деди Үсөнбаев.

Коронавируска тест жасап жаткан медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дагы 17 киши коронавирус жуктуруп алды. Кыргызстандагы абал
Бүгүн, 16-апрелде, инфекцияны жуктуруп алгандардын саны 466га жетти. Жаңы жуктурган 17 кишинин жетөө аял, 10у эркек. Сакайып кеткендердин жалпы саны — 91, каза болгондор — 5.

25-марттан баштап өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна өзгөчө абал киргизилген. Мындай режимге 15-апрелден тарта Нарын шаары менен Ат-Башы району да кошулду. Ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал тартиби иштеп жатат.

Өлкөдө эмне болуп жаткандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан таанышсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0