Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Республиканын көпчүлүк аймактарында түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. 22-апрель, шаршемби күнү, Нарын облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Тоолуу өрөөндөрдө кар жаайт. Ал эми өлкөнүн калган аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергелеринде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарында 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Чүйдө абанын температурасы +23…+28, Таласта +22…+27, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +24…+29, Ысык-Көлдө +16…+21 жана Нарын жергесинде +17…+22 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күндүн табы +26…+28 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0