Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну күтүлүп жатабы? Министрликтин жообу

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүДезинфекция жүргүзүп жаткан кызматкер
Дезинфекция жүргүзүп жаткан кызматкер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлиги окуя түрдүү өнүгүшү мүмкүн экенин эске алып, бир катар версияларды карап жатат.

БИШКЕК, 26-апр. – Sputnik. Коронавирус илдетинин экинчи толкуну башталат деп айтууга эрте, бирок министрлик буга даярданып жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, окуя кандайча өнүгүшү мүмкүн экени тууралуу ведомствонун түрдүү сценарийлери бар. Буга байланыштуу адистер даяр турушу керек.

"Биз кошумча койкаларды алып, медиктерди тартууну пландап жатабыз. Дүйнөлүк банк жана башка өнөктөштөрдүн гранттык долбоорлорунун арты менен стационардык базалардын квалификациясын жогорулатуу каралып жатат. Ошондой эле өпкөнү жасалма дем алдыруу сыяктуу керектүү жабдыктарды алууга каражат каралууда", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 682ге жетип, анын жарымынан көбү айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алып кетти.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0