Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 25 бейтап айыкты. Алар жашаган аймактар

© Sputnik / Томас Тхайцук / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен өлкөдө жалпы жонунан 370 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул статистика жуктурган адамдардын жарымынан көбүн түзөт.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавируска кабылып ооруканада жаткан 25 бейтап айыгып чыкты. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында - 10, Ош шаарында - 2, Ош облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 6, Нарын облусунда 6 киши сакайган.

Ушуну менен өлкөдө жалпы жонунан 370 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Коронавирустун кесепети

Медицина кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Өткөн суткада оору жуккан 5 медиктин үчөө №3 эмкананын дарыгерлери
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 682ге жетип, анын жарымынан көбү айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алып кетти.
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0