Боронов: жумушу жок эле көчөгө бейчеки чыкпай тургула!

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи вице-премьер жарандар карантин эрежелерин өз ден соолугу үчүн сакташы керектигин айтып, айрым бейтаптар коронавирусту кайдан жуктуруп алганын билбей калып жатканын баса белгиледи.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов маалымат жыйын учурунда элди азыркы кырдаалда көчөгө бейчеки чыкпай кое турууга чакырып кетти.

Аткаминер эл карантин эрежелерин өз ден соолугу үчүн сакташы керектигин айтып, айрым бейтаптар коронавирусту кайдан жуктуруп алганын билбей калып жатканын баса белгиледи.

"Жумушу жок болсо, көчөгө бейчеки чыгууну токтотуп туруу керек. Биринчиден, бул өзүбүздүн ден соолугубуз үчүн маанилүү. Экинчиден, тез аранын ичинде коронавирусту жок кылууга ниеттенип жатсак, анда эрежелерди так сактайлы. Бул нерсе бир эле өкмөт же мамлекеттик кызматтардан көз каранды эмес. Жалпы жарандык коомдун жардамы керек. Ал үчүн өзүңөрдү өзүңөр изоляциялагыла. Жоопкерчилик жок болсо, мунун тыйылышы кыйын болот экен. Күн жылыры менен көчөгө чыга башташты. Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын, Ат-Башы районунун тургундары өзгөчө абал режимин сактагыла. Ар бирибиз режимдердин эрежелерин аткарууга милдеттүүбүз", — деди Боронов.

Айдоочунун температурасын текшерип жаткан медицина кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Боронов: айрымдардын вирусту кайдан жуктуруп алганы белгисиз болуп жатат
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 729га жетти. Анын ичинен 437си айыкса, сегизи каза болгон.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0