Бүгүн 6 баладан вирус табылып, алардын жалпы саны 113кө жетти

© Sputnik / Табылды КадырбековКапельница алып жаткан өспүрүм
Капельница алып жаткан өспүрүм - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавируска кабылган балдардын арасында алтоо бир жашка чейинки бөбөктөр. Ал эми 16-19 жаштагы улан-кыздардын саны — 24.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Кыргызстан боюнча акыркы суткада 15 жашка чейинки алты бала коронавирус жуктуруп, алардын жалпы саны 113кө жетти. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

"15 жашка чейинки балдар арасында вирус жуктургандардын саны — 113. Алардын ичинен бир жашка чейинки бөбөктөр алтоо. 16-19 жаштын ортосундагы улан-кыздар — 24", — деди Акматова.

Кечээ COVID-19 вирусуна чалдыккан балдардын саны 107 экени айтылган эле.

Белгилей кетсек, 4-майга карата коронавирус жуктургандардын саны 830га жетти.

Сакайып кеткендер — 575, каза болгондор — 10.

Кыргызстанда коронавирус тууралуу соңку маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан окуп туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0