Тони Фергюсон таяк жеди. UFC убактылуу чемпионун тапты

© AP Photo / John LocherUFC мушкери Тони Фергюсон
UFC мушкери Тони Фергюсон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фергюсон Хабиб Нурмагомедов менен таймашка чыгышы керек эле, бирок россиялык мушкер пандемияга байланыштуу өлкө аймагынан чыга албай калып, ордуна башка спортчу чыккан.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) АКШлык мушкери Жастин Гэтжи мекендеши Тони Фергюсонду жеңип, жеңил салмакта убактылуу чемпион болуп калды.

Мелдеш Флорида штатында өткөн UFC 249 турниринин алкагында өттү. Гэтжи бешинчи раундда атаандашын техникалык нокаут менен утуп алды.

Мелдеш көрүүчүсү жок өттү. Эми ал россиялык Хабиб Нурмагомедов менен беттешүүсү керек.

Фергюсон Нурмагомедов менен таймашка чыгышы керек эле, бирок россиялык мушкер пандемияга байланыштуу өлкө аймагынан чыга албай калгандыктан, мелдешке катышкан жок.

Бул эки мушкердин ортосунда бир нече жылдын ичинде бешинчи таймаш ишке ашпай калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0