Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус 69 адамдан табылды

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүКоронавируска анализ жасоо үчүн алынган үлгүлөр
Коронавируска анализ жасоо үчүн алынган үлгүлөр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул күндөрү Бишкек шаарында коронавируска чалдыккандар арбып жаткандыктан, Саламаттык сактоо министрлиги дарылоочу койкаларды көбөйтүү ишин баштады.

БИШКЕК, 1-июнь — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада 69 кишиден коронавирус чыкты. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Учурда Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1817ге жетти.

Бишкек шаарынан 21 (булардын ичинен 18и - РФтен келген курсанттар) учур катталды. Чүй облусунан - 6, Нарын облусунан - 14, Ош шаарынан - 9, ал эми Ош облусунан 1 адамдан табылган.

Бул күндөрү Бишкек шаарында коронавируска чалдыккандар арбын чыгып жаткандыктан, Саламаттык сактоо министрлиги дарылоочу койкаларды көбөйтүү ишин баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0