Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүДождь в Москве
Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу өрөөндөрүндө жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. 11-июнь, бейшемби күнү, өлкө аймагы боюнча мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Мөндүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аксыда мөндүр айыл чарба өсүмдүктөрүн талкалап кетти. Сүрөт, видео
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +23…+28, Таласта +22…+27, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +25…+30, Ысык-Көлдө +14…+19 жана Нарын жергесинде +15…+20 градус болот.

Бишкекте өткүн өтөт. Ал эми Ош шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы баш калаада +24…+26 градус болсо, Ош шаарында термометрдин көрсөткүчү +28…+30 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0