Чүй менен Жалал-Абадда COVID жуктурган эки бейтап каза болду. Чоо-жайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көз жумган эки кишинин тең башка да өнөкөт оорулары болгон. Өлкөдө коронавирус жуктуруп көз жумган бейтаптардын саны 26га жетти.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы эки бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, көз жумгандардын бири Чүй облусунан болсо, экинчиси Жалал-Абад облусунан.

"Кара-Балта шаарынын 70 жаштагы тургуну (эркек) Панфилов районундагы ооруканага өтүнө операция жасатууга барган. Дене табы көтөрүлгөндүктөн дарыгерлер андан коронавируска анализ алып, жыйынтыгы оң чыккан. Эки тараптуу пневмония болду. Мындан сырткары, буга чейин ал киши кант диабети менен жабыркап, жүрөгү да ооруп жүрчү экен. Коронавирус жукканда эски дарттарынын баары өрчүп, эки күндүн ичинде эле абалы начарлап каза болгон. Ал эми Жалал-Абадда көз жумган бейтап 72 жаштагы аял. Коронавирус жуктурганда анын да эски дарттары козголгон. Жүрөгү ооруп, экинчи типтеги кант диабетинен жабыркап келгени аныкталган. Оору илешкенде дем алуусу начарлап, шишик басып кеткен. Дарылоого карабай, ал киши да көз жумду", — деди Үсөнбаев.

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 2093кө жетип, анын ичинен 1572си сакайды. Тилекке каршы, коронавирус 26 адамдын өмүрүн алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0