Бишкекте АЗС, сулуулук салон, дүкөн, кафелерге 1 млн. сомдон ашык айып салынды

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүРабота салона красоты в Иванове
Работа салона красоты в Иванове - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаадагы 164 кафеге протокол толтурулуп, 281 000 сом өлчөмүндөгү айып пул салынганы айтылат.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бишкек шаарында санитардык нормаларды сактабаган бир нече объектилерге бир миллион сомдон ашык айып салынды. Бул туурасында вице-мэр Татьяна Кузнецова брифинг учурунда билдирди.

Эреже бузуу фактылары сулуулук салондорунан тарта май куюучу жайларына чейин катталган.

Төмөнкү объектилерге протокол толтурулуп, айып салынды:

  • Сулуулук салондору, чачтарачканалар — 194 000 сом айып, 184 протокол;
  • Дүкөндөр — 124 000 сом айып, 65 протокол;
  • Кафе — 281 000 сом айып, 164 протокол;
  • Автоунаа жуучу жайлар — 14 000 сом айып, 8 протокол;
  • АОЖ, желимдөө — 41 000 сом айып, 29 протокол;
  • СБ жана кийим дүкөндөр — 61 000 сом айып, 25 протокол;
  • АЗС — 26 000 сом айып, 10 протокол;
  • Жеке такси кызматтары – 6000 сом айып, 6 протокол;
  • Балдардын кийимдери жана оюнчуктар дүкөндөрү — 4000 сом айып, 4 протокол;
  • Тамак-аш өнөр жайын өндүрүү — 52 500 сом айып, 18 протокол;
  • Косметика дүкөндөрү — 3000 сом айып, 3 протокол;
  • Базарлар жана курулуш материалдар дүкөндөрү — 67 000 сом айып, 26 протокол;
  • Азык-түлүк базарлары — 55 000 сом айып, 17 протокол;
  • Транспорт каражаттары — 64 000 сом айып, 50 протокол;
  • Финансылык кызматтар —14 000 сом өлчөмүндө 2 протокол;
  • Автоунаа шаймандары, тиричилик буюмдары жана эмеректер — 14 000 сом айып, 20 прокол;
  • Мончолор — 2000 сом айып, 2 протокол;
  • Окуу курстары — 1000 сом айып, 1 протокол;
  • Коомдук дааратканалар — 6000 сом айып, 6 протокол;
  • Мектептер — 1000 сом айып, 1 протокол;
  • Компьютердик клубдар — 1000 сом айып, 1 протокол;
Жаңылыктар түрмөгү
0