Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
16-июнда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Шейшемби күнү, 16-июнда, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, ал эми бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +30…+35, Талас аймагында +29...+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көлдө +19...+24, Нарын жергесинде +20...+25 градуска чейин көтөрүлөт.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +33...+35, Ошто +35...+37 градус болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0