Боронов: июндун аягында 4960 адамдан COVID чыгары болжолдонгон, ошого баратабыз

© REUTERS / China Daily CDICОоруканадагы бейтаптар. Архив
Ооруканадагы бейтаптар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бороновдун айтымында, 11 жана 21-майдан тарта экономиканын көп тармагы жанданып, эл көчөгө чыккан. Андагы инкубациялык мөөнөт өтүп, азыр көбөйгөн убагына келди.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча үч сценарий иштелип чыккан, анын экинчи божомолу ишке ашууда. Бул туурасында премьер-министрликке талапкер Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, Республикалык штабда июндун аягына чейин деп үч айлык божомол түзүлгөн.

"Биз 3-апрелде илимпоздор, медицина кызматкерлери жана Республикалык штабдын мүчөлөрү менен үч сценарий иштеп чыкканбыз. Биринчи сценарийди "Жеңил өтүү" деп атап, 30-июнга чейин 801 адам коронавируска чалдыгышы керек эле. Экинчисин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун методикасы менен эсептеп чыгып, "Орточо өтүү" деген божомол боюнча 30-июнда 4960 учур катталмак. Азыр билесиздер, 2300дөн ашты, ушул божомол ишке ашчудай болуп жатат. Үчүнчүсү өтө оор кесепети менен деп 16 540 адамга жугат деп эсептегенбиз", — деди Боронов.

Ошондой эле ал 11 жана 21-майда экономиканын көп тармагы жанданып, эл көчөгө чыкканын белгилеп, демек, инкубациялык мөөнөт өтүп, азыр көбөйгөн убагына келгенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0