Шаршембиге карата аба ырайы

© AFP / TAUSEEF MUSTAFAКол чатыр көтөргөн адам. Архив
Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, ал эми дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Шаршемби күнү, 17-июнда, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +22...+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +19...+24 градус болот.

Бишкек шаарында күн күркүрөп, жамгыр жаайт, Ошто күн ачык болот. Күндүн табы борбор калаада +25...+27, Ошто +33...+35 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0