Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
18-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 17-июнь. — Sputnik. Бейшемби күнү, 18-июнда, күндүз тоолуу райондордо жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +23...+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көлдө +18...+23, ал эми Нарын жергесинде +17...+22 градус болору болжолдонду.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +26...+28, Ошто +29...+31 градус көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0