Министрлик: вирус элди аралап кетти, кайдан жуктурганын билбегендер көп

© Sputnik / Табылды КадырбековАйдоочунун температурасын текшерип жаткан кызматкер. Архив
Айдоочунун температурасын текшерип жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
18-июнга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 2 657 учурга жетти. Алардын ичинен 693 бейтап стационарда, 1933 адам сакайып чыкты, тилекке каршы, 31 киши каза болуп калды.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Акыркы сутка ичинде коронавирус жуктурганы аныкталган 95 адамдын ичинен 36сы илдетти кантип илештирип алганын билбейт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун барасы Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

95 кишинин ичинен 57 адам оорулуу менен байланышта болгондор катары көзөмөлдө тургандар. Төртөө сырттан келгендер. Калган 35 кишинин вирусту жуктуруп алган жерлери такталып жатат.

"Вирустун кайдан жукканы билинбей калган учурлар дагы болууда. Бул инфекция элди аралап кетти дегенди түшүндүрөт. Албетте, биз бардыгын тыкыр көзөмөлдөп турабыз. Бирок жарандардын жоопкерчилиги дагы керек", — деди Үсөнбаев.

2020-жылдын 18-июнуна карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жалпысынан 2 657 адам жуктуруп алды. Алардын ичинен 693 бейтап стационарда, 1933 адам сакайып чыкты, тилекке каршы, 31 киши каза болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0