Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүАял кол чатыр менен жамгыр учурунда. Архив
Аял кол чатыр менен жамгыр учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
26-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, ал эми бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Өлкөнүн калган аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 25 июн — Sputnik. Эртең  республиканын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Ал эми өлкөнүн бийик тоолуу райондорунда кар түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас жергесинде +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл өрөөнүндө +20...+25 жана Нарын аймагында +18…+23 градус болору айтылды.

Бишкекте термометр  +33...+35, Ош шаарында +33...+35 жана Чолпон-Атада +22...+24 градусту көрсөтөрү кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0