Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл менен Нарындын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. 23-июлда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жана Баткен жергесинин кээ бир аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ал эми Таласта күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге дейре жетет.

Август ысык болобу? Бир айга карата аба ырайынын божомолу

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +31…+36, Талас жергесинде +30…+35, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +33…+38 градус ысык болсо, Ысык-Көлдө +22…+27 жана Нарында +21…+26 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы ордо калаада +34…+36, Ош шаарында +35…+37 жана Чолпон-Атада +22…+24 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0