Ишембиге карата аба ырайы

© AFP / DAMIEN MEYERГрадусник. Архив
Градусник. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктер 25-июлда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөп, өлкөнүн кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөрүн маалымдашты.

БИШКЕК, 24-июль. — Sputnik. Ишемби күнү, 25-июлда, күндүз республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде жамгыр катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Алдыдагы төрт күндө да жаан токтобой, сел жүрөт. Шашылыш билдирүү

Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас аймагында +29...+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көлдө +23...+28 жана Нарын жергесинде +24...+29 градус болору айтылды.

Борбор калаада өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, ал эми Ошто күн ачык болот. Күндүн табы борборубуз Бишкекте +33...+35, Ошто +36...+38 градуска чейин көтөрүлсө, Чолпон-Атада термометрдин көрсөткүчү +23...+25 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0