Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековФонтанный комплекс "Сказка" в Бишкеке
Фонтанный комплекс Сказка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27-июль, дүйшөмбүдө, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Кээ бир райондордо катуу нөшөр болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. 27-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, эртең менен жана күндүз жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Таласта +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +19... +24 градус  болору айтылды.

Жаанчыл болобу? Бир жумага карата аба ырайы

Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаада +28...+32, Ошто +30...+34, ал эми Чолпон-Атада +19...+21 градус  болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0