Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Төлөгөнов: авиадиспетчерлердин иши оор, үч күн иштеп, үч күн эс алат

© Sputnik / Асель СыдыковаДиспетчер первого класса Канат Тологонов
Диспетчер первого класса Канат Тологонов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек аба кыймылын тейлөө борборунун 1-класстагы диспетчери Канат Төлөгөнов жумуш психоэмоционалдык жактан оор болгондуктан үч күн иштеп, үч күн эс алышарын айтты.
Төлөгөнов: авиадиспетчерлердин иши оор, үч күн иштеп, үч күн эс алат

Инструктаж башталардан бир саат мурун жумушка келебиз. Бул убакытта медициналык кароодон өтүп, пульс жана кан басым өлчөнөт. Алкоголго да текшерилип, баары жайында болгондо гана жумушка киришебиз. Бул тууралуу Канат Төлөгөнов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жүздөгөн адамдын жашоосу бир нече адистен көз каранды болгондуктан авиадиспетчер кесиби жоопкерчилиги чоң жумуш болуп эсептелет.

"12-апрель - космонавттар күнү төрөлүп, атым Канат деп да коюлганы бул кесипти тандоомо кандайдыр бир түрткү болгон. Кичинемден бери космонавт болом деп кыялдандым. Убакыттын өтүшү менен приоритеттер да өзгөрдү. Ошентип космонавтикага жакын авиация тармагын, анын ичинен авиадиспетчер кесибин тандадым. Алгачкы күндөрү жоопкерчиликти жон териң менен сезип, үн титиреген учурлар болгон. Бизде тандоо өтө катаал. Начар окугандардын 99 пайызы өздөрү иштөөдөн баш тартышат. Алсак, мен окуган учурда 20 студент болсок, анын 10у гана өз кесиби менен иштеп жатат. Бул адистикке тапшырып жаткандар медициналык комиссиядан, кесиптик-психологиялык жарактуулук сынагынан (ВЛЭК) өтүшөт. Окуу жайды бүткөндөн соң англис тили сертификатын алабыз. ICAO эл аралык уюмдун талабына жараша диспетчер тилди төртүнчү деңгээлде билиши керек. Андан кийин "Кыргыз аэронавигация" мамлекеттик ишканасына барып стажировкадан өтөбүз. Мына ошол жерден айдоочулук көбүлүк алгандай эле авиадиспетчер деген күбөлүк алабыз. Ансыз эч ким диспетчер болуп иштей албайт. Ал эки жылдык мөөнөткө берилип, ар эки жыл сайын жогорудагы айтылган талаптарды жаңылап турабыз. Бизде бул кесипке Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда гана окутат. Ал эми айрымдары Алматыдагы академиядан, Красноярск, Санкт-Петебургдагы окуу жайлардан окуп келишет", — деди Төлөгөнов.

Ал 2016-жылы Дача Суга учак кулаганда пультта отурбаганы менен нөөмөттө болгонун жана диспетчерлер так иштегендиктен, териштирүү учурунда аларга эч кандай доо коюлбагандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0