Буйволдорго кол салам деген арстан тепсендиде калды. Ичиркенткен видео

Жазылуу
Туристтер Түштүк Африкадагы Крюгер жаратылыш паркында ургаачы арстандын кантип буйволдордун туяк алдында калып, өлгөнүнө күбө болушту.

"National Geographic Россия" сайтынын маалыматына караганда, бирөөгө ор казган жырткыч ага өзү түшүп калган.

Суунун жээгинде топтошуп турган буйволдордун бирин олжолойм деген эки ургаачы арстандын тилеги таш капкан. Тагыраагы, бирөөсү ажалдан араң аман калса, экинчисин аталган жаныбарлардын мүйүзү менен туягы тирүү калтырган эмес.

Ажалы жок экен. Буйволдор каманды арстандардын азуусунан алып калган видео - Sputnik Кыргызстан
Ажалы жок экен. Буйволдор каманды арстандардын азуусунан алып калган видео
Окуя аталган парктагы Местель деп аталган плотинанын жанында болгон. Үйүрү менен суу жээгинде жүргөн буйволдорго кол салганга дааган арстандын жүрөктүүлүгүнө таң бербей кое албайсың. Бул коркунучту сезген мүйүздүү жаныбарлардын коргонуу инстинкти иштеп кеткен. Жырткычтардын бирөө четтей кетип кутулган.

Видеодон экинчи арстанды жаалданган буйволдор курч мүйүздөрү менен сүзгүлөп, тебелеп жаткандыгын көрүүгө болот. Кыязы, жан ачыткан мындай жооптон кийин жырткычтын өмүрү көпкө созулган жок окшойт.

Бир нече мүнөттөрдүн кийин арстандын суунун жээгинде кыймылсыз, сулк жаткандыгын көрүүгө болот. Ошондо да бир катар буйволдор аны ыргыта сүзүп калганын туристтер тартып алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0