Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүКүндүн батышы. Архив
Күндүн батышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
23-декабрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Шаршемби күнү, 23-декабрда, күндүз өлкөдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -2...+3, Талас жергесинде -4...+1, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында +1...+6, ал эми Нарын аймагында -4...-9 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте -1...+1, ал эми Ошто +3...+5 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0