Стенин атындагы 2021-жылдын сынагына сүрөттөрдү кабыл алуу башталды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүМосквадагы Андрей Стенин сынагын жеңүүчүлөрүнүн көргөзмөсү
Москвадагы Андрей Стенин сынагын жеңүүчүлөрүнүн көргөзмөсү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакка 18ден 33 жашка чейинки кесипкөй фотографтар катыша алат. Жалпы байге фонду бир миллион сомду түзөрү айтылды.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Москвада Андрей Стенин атындагы фотожурналистика боюнча эл аралык VII сынак башталды. Дүйнөнүн чар тарабынан жаш фотооператорлордон арызды кабыл алуу салт болуп калгандай эле "Россия сегодня" медиа тобунун фотокабарчысынын туулган күнүндө анын элесине арналып ачылды.

Кесипкөй катышуучулардын жаш курагы 18ден 33 жашка чейин болуусу шарт. Алар арызын stenincontest.ru сайтында орус, англис жана кытай тилинде толтурса болот. Сынакка "Башкы жаңылыктар", "Спорт", "Менин планетам" жана "Портрет. Биздин замандын каарманы" деп аталган төрт номинацияда катышуу мүмкүнчүлүгү бар. Арыздар 2021-жылдын 28-февралына чейин кабыл алынат.

Сынактын 2021-жылдагы байге фонду 300 миң рубль. 125, 100 жана 75 миң рубль биринчи, экинчи жана үчүнчү орунга берилет. Ал эми гран-приге татыган фотографка 700 миң рубль ыйгарылат.

Маанилүү учурлардын бири — жаш фотокабарчылардын россиялык жана эл аралык аянтчаларда өзүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгү. Лауреаттарынын көргөзмө турнеси анын бир бөлүгү болуп калды. Алар Европанын, Азиянын, Латын Америкасынын, Африканын жана Жакынкы Чыгыштын ондогон шаарлары.

2018-жылдан тарта экспозициялык аянтчанын катарына башкы эл аралык уюмдун Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу штаб-квартирасы да кирди. 2019-жылдан тарта көргөзмө Страсбургда Европа кеңешинде өтүп келет.

"Кезектеги биздин сынагыбыз кесипкөйлөрүнүн бугун чыгарып, талантын далилдеп алышы. Бул жаңы эмгектердин алдындагы кубанычтуу сезимдер, жаңы ысымдар, жаңы ачылыштар. Быйыл биздин сынагыбыз дүйнө үчүн оор болуп турган шартта, COVID-19 пандемиясынын шартында башталды. Жашоодогу жаңы жагдайлар биздин мурдагы адаттарыбызды өзгөртүп, жаңыча шартта жашоого мажбурлай баштаганы менен алар түпкүрдөгү баалуулуктарыбызды — кесипкөйлүгүбүздү, жаратмандыгыбызды, ааламдагы өзүбүз сезип көргөндөрүбүздү башкалар менен бөлүшүүбүздү өзгөртө албайт. Биздин сынак алдын ала ойлогонубуздай кетип бара жатат. Катышуучулар да ошондой багытта деп ойлойбуз. Биз алардан жаңы эмгектерди, жаңы ракурстарды, жаңы темаларды күтөбүз. Албетте, анан ийгилик жана жеңиштүү орун каалайбыз", — деген сынактын куратору, "Россия сегодня" медиа тобунун визуалдык кызматтары боюнча долбоорлорунун жетекчиси Оксана Олейник.

Андрей Стенин атындагы фотожурналистика боюнча эл аралык VII сынак 2020-жылы россиялык жана эл аралык ири ЖМКлардын, маалымат агенттиктердин жана фотокоомчулуктардын колдоосунда өткөн. Бир нече номинациялардын өнөктөшү Бириккен Шанхай медиа тобу, China Daily газетанын интернет-порталы, "Аль-Маядин ТВ" аталышындагы жалпы араб маалымат холдинги, андан сырткары дүйнөдөгү эң ири гуманитардык уюм — эл аралык Кызыл Чырым комитети болгон.

Сынак туурасында

"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги уюштуруп, РФтин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясы колдоого алган сүрөттөрдү чогулткан Андрей Стенин атындагы сынактын максаты — жаш фотографтарды колдоо, учурдагы фотожурналистикага коомчулуктун көңүлүн буруу.

Бул жаш сүрөтчүлөрдүн — таланттуулардын, жаңычылдыкты илип кеткен, сезимтал жана ачык балдардын аянтчасы. Бул жерде алар биздин көңүлүбүздү айланабызда эле жашап жаткан адамдарга, болуп жаткан окуяларга бурат.

Открытие выставки Православная Русь - ко Дню народного единства - Sputnik Кыргызстан
Живопись, графика... Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган сүрөт-көргөзмө өтөт
2020-жылы сынактын башкы маалыматтык өнөктөштөрү — "Россия-Культура", "Москва - 24" телеканалы, Вести.Ru порталы болду. Ал эми эл аралык маалыматтык өнөктөштөр катары Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу, RT порталы, Askanews маалымат агенттиги, Independent Media медиахолдинги, ANA маалымат агенттиги, Shanghai United Media Group (SUMG), China Daily гезитинин интернет-порталы, The Paper интернет-порталы, Al Mayadeen медиатүйүнү, Prensa Latina маалымат агенттиги, DBW интернет-порталы болду.

Мындан тышкары, тармактык өнөктөш макамында Россиянын журналисттер союзу, YOung JOurnalists маалымат порталы, Russian Photo, Photo-study.ru порталдары, "Академия фотографии" фотомектеби, LF Magazine, Artdoc, Fotoargenta журналдары, All About Photo, IPhoto Channel интернет порталдары, EYE сүрөт журналы жана фестиваль PhotON эл аралык аянтчасы кызматташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0