Бейшембиге карата аба ырайы

© AFP / LOIC VENANCE Кол чатыр көтөргөн адамдар. Архив
Кол чатыр көтөргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2021
Жазылуу
11-мартка караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаап, тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бейшембиде күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында +4…+9, Таласта +2…+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +7…+12, Нарын өрөөнүндө +3…+8 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болуп, күндүн табы +7…+9 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0