Сох анклавы боюнча туура эмес маалымат тарады. Облус жетекчилигинин түшүндүрмөсү

© Фото / пресс-служба ГПС КРЧек ара көзөмөл пункту. Архив
Чек ара көзөмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2021
Жазылуу
Пандемияга байланыштуу жабылган "Кайтпас" өткөрмө бекетин жандантууга жана Сох районуна аба каттамын ачууга уруксат берүү макулдашылганы белгиленет.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Өзбекстандын Сох анклавына жол ачуу боюнча жаралган маселе тууралуу түшүндүрмө берди.
Белгилей кетсек, кечээ президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек "Кыргыз бийлиги Өзбекстанга Кыргызстан аймагында жайгашкан Сох анклавына авиакаттам жана транспорт жолун ачууга даяр. Сохтун жашоочулары чек ара аркылуу эркин каттай алат. Ал эми Өзбекстан Кыргызстанга талаштуу аймак болуп келген Үңкүр-Тоону берүүгө даяр" деген билдирүү тараткан.
Андан соң президенттин сайтына маалыматтын редакцияланган варианты жарыяланып, кыргыз тарап Сох анклавына аба каттамдарын ачууга, ал эми өзбек тарап Үңкүр-Тоо аймагын талашпоого даяр экени жазылган.
Баткен облусунун жетекчилиги коомчулукка туура эмес маалымат таратылып жатканын айтууда.
"Өзбекстанга коридор берилет деген сөздөр туура эмес. Эки өлкө президенттеринин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында буга чейин пандемияга байланыштуу жабылган Кадамжай районундагы "Кайтпас" көзөмөл-өткөрүү жайын кайра ачуу макулдашылган. Ал пункттан кошуна мамлекеттин жарандары мурдагыдай эле тартип менен документтери текшерилип, каттоодон өтөт. Өзбекстандын жарандары "Кайтпас" өткөрүү жайы аркылуу кирип, Сох районуна чейин Кыргызстандын аймагы аркылуу жүрөт. "Өтүкчү" көзөмөл-өткөрүү жайынан кайрадан текшерүү менен Өзбекстандын Сох районуна киришет", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле өткөн жылдын март айынан бери Сох анклавына өзбек жарандары бир гана "Кадамжай" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу гана өтүп турушканы белгиленет.
Государственный визит президента КР Садыра Жапарова в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2021
Үңкүр-Тоо, темир жол, инвестиция. Жапаровдун Өзбекстанга болгон сапарынын жыйынтыгы
"Аба каттамын ачуу боюнча маселеде Сох районун Өзбекстан менен байланыштырган чакан учактар учат. Мындан улам жарандарды негизсиз тынчсызданып, туура эмес коомдук пикирлерди жаратпоого чакырабыз. Азыркы учурда кыргыз-өзбек мамилесин чыңдоо, эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу аракеттери көрүлүүдө", — деп жазылган билдирүүдө.
Аны менен катар өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода менен жолугуп, чек аралаш аймакта жашаган элдин суранычы боюнча пандемияда жабылган Лейлек районундагы "Кулунду" жана "Кайрагач" өткөрмө пунктуларын ачуу маселеси да карала турганы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0