Ат-Башынын ак балы Японияга экспорттолушу ыктымал
08:49 28.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
Жазылуу
Эл аралык уюмдун өкүлү ак бал Японияда суроо-талапка ээ экенин айтып, бирок аны көп көлөмдө чыгаруу үчүн өндүрүш маселесин чечүү керектигине токтолгон.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Нарында "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун колдоосу менен Ат-Башынын ак балын Японияга экспорттоо иши колго алынды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматына таянуу менен жергиликтүү кабарчы билдирди.
© © SputnikНарында "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун колдоосу менен Ат-Башынын ак балын Японияга экспорттоо иши колго алынды
1/3
© © Sputnik
Нарында "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун колдоосу менен Ат-Башынын ак балын Японияга экспорттоо иши колго алынды
© © SputnikБалды чет мамлекетке чыгаруу боюнча облус башчысы Сабыркул Ашимбаев менен Япониянын JICA эл аралык уюмунун координатору Харагучи Акихисанын жолугушуусунда сөз болгон
2/3
© © Sputnik
Балды чет мамлекетке чыгаруу боюнча облус башчысы Сабыркул Ашимбаев менен Япониянын JICA эл аралык уюмунун координатору Харагучи Акихисанын жолугушуусунда сөз болгон
© © SputnikАнда эл аралык уюмдун өкүлү ак бал Японияда суроо-талапка ээ экенине токтолгон.
3/3
© © Sputnik
Анда эл аралык уюмдун өкүлү ак бал Японияда суроо-талапка ээ экенине токтолгон.
1/3
© © Sputnik
Нарында "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун колдоосу менен Ат-Башынын ак балын Японияга экспорттоо иши колго алынды
2/3
© © Sputnik
Балды чет мамлекетке чыгаруу боюнча облус башчысы Сабыркул Ашимбаев менен Япониянын JICA эл аралык уюмунун координатору Харагучи Акихисанын жолугушуусунда сөз болгон
3/3
© © Sputnik
Анда эл аралык уюмдун өкүлү ак бал Японияда суроо-талапка ээ экенине токтолгон.
Ага ылайык, балды чет мамлекетке чыгаруу боюнча облус башчысы Сабыркул Ашимбаев менен Япониянын JICA эл аралык уюмунун координатору Харагучи Акихисанын жолугушуусунда сөз болгон.
Анда эл аралык уюмдун өкүлү ак бал Японияда суроо-талапка ээ экенине токтолгон.
"Ат-Башынын ак балын 10 жылдан бери изилдеп келе жатам. Эспарцеттен алынган балды Японияга экспорттоо демилгесин көтөргөм. Ак бал япондорго жаккандыктан суроо-талап бар. Аны экспорттоодон мурда балдын көлөмүн көбөйтүү үчүн өндүрүш маселесин чечүү зарыл",— деди Акихиса.
"Бир айыл — бир продукт" долбоору Кыргызстанда 10 жылдан ашык убакыттан бери иштеп, алгач Ысык-Көл облусунда жүзөгө ашкан. 2017-жылдан бери башка облустарга жайылтуу аракеттери жүрүп келет.
Буга чейин адистер Ат-Башынын ак балында кызыл беде басымдуулук кылып, ал жаш балдарга, диета кармоо сунушталган адамдарга ылайыктуу жеңил болуп эсептелерин айтышкан.