Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2021
Жазылуу
8-майга караган түнү температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Ишембиде күндүз республиканын кээ бир аймактарында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +22…+27, Таласта +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +24…+29, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +17…+22 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +25…+27 градус болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0