Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровКызгалдак гүлдөгөн талаа. Архив
Кызгалдак гүлдөгөн талаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2021
Жазылуу
12-майга караган түнү нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Шаршембиде күндүз туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы төмөндөйт. Чүй, Талас облустарында +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +17…+22 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +21…+23, Ош шаарында +25…+27 градус болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0