Жума күнгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл жергеси. Архив
Айыл жергеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2021
Жазылуу
14-майга караган түнү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайынын бузулушунан улам сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Жума күнү Кыргызстандын бир катар аймактарында күндүн ысыгы 29 градуска жетсе, кээ бир жерлеринде жамгыр жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +24…+29, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +15…+20 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +23…+25, Ош шаарында +27…+29 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0