Германия коронавирустун Кыргызстандагы штаммдарын аныктаган реагенттерди берди

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер лабораторияда
Медициналык кызматкер лабораторияда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Жазылуу
Коронавирустун штаммдарынан сырткары, Кыргызстандын лабораторияларына 50 миң ПЦР-тест тапшырылганы белгиленди.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Германия коронавирустун Кыргызстандагы штаммдарын аныктоо үчүн реагенттерди алып берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 14-майда, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен, Германия менен Россиянын эл аралык адистери менен жолуккан.
"Үстүбүздөгү жылдын 10-майында Кыргызстанга германиялык бир нече окуу жайлардын медицина өкүлдөрү келишкен. Адистер Кыргызстандын лабораторияларынын кызматкерлерин штаммдарды аныктоого окутуп жатышат. Эми жардам катары берилген реагенттер Кыргызстандын аймагында коронавирустун штаммдарын аныктоого жардам берет", — деп айтылат маалыматта.
Жабдыктан сырткары, лабораторияга 50 миң ПЦР-тест тапшырылган. Министр Алымкадыр Бейшеналиев Германиянын элчиси менен эл аралык адистерге Кыргызстандын саламаттык сактоо системасына көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0