Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абдималик кызы: аллергияны бала курсакта кезинде эле алдын алыш керек

© Sputnik / Табылды КадырбековЭне жана баланы коргоо улуттук борборунун педиатры Жаңылай Абдималик кызы
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун педиатры Жаңылай Абдималик кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
Жазылуу
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун педиатры Жаңылай Абдималик кызы аллергияны өз алдынча дарылоодо күчөтүп алуу коркунучу бар экенин айтты.
Ата-эне баланын кандай аллергиясы бар экендигин билсе оорунун алдын алып жана анын жашоо сапатын жакшыртууга жардам бере алат. Бул тууралуу Жаңылай Абдималик Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Абдималик кызы: аллергияны бала курсакта кезинде эле алдын алыш керек
Анын айтымында, аллергияны инфекциялык, кан тамырлар оорусу геморрагиялык васкулит менен адаштыргандар бар.
"Азыр жыл мезгилине карабастан аллергияга кабылган балдар көбөйдү. Буга химикатсыз тамак-аштын азайышы, экологиянын булганышы себеп болуп жатат. Аллергия генетикалык таасирден улам укумдан-тукумга өтөт. Баланын аллергия болуп ооруп калбашы үчүн эне түйүлдүк кезинде эле алдын алыш керек. Алсак, катуу талгак болгон учурда таттууну же кайсы бир аллергияны чакыра турган азыктарды ченеми менен жегенге аракет кылышы абзел. Жаңгак, башка данектер, бал жана цитрус жемиштери — негизги аллергендер. Балдарга арналган же гипоаллергендүү шампунь, самын, порошокторго көп ишене берген болбойт. Андыктан баланын денесин, кийим-кечесин жөнөкөй кир самын менен жууп, үтүктөп койгон туура. Балдар арасында аллергиялык дерматит, ринит, конъюнктивит эң көп кездешет. Балдар синтепон төшөктөрдөн, тооктун жүнү салынган жаздыктардан, үй жаныбарлары, өсүмдүктөрүнөн аллергия болуп жатат. Балага жууркан, төшөк камдаарда курамына көңүл буруу зарыл", — деди Абдималик кызы.
Педиатр сок, пюре жана башка тамак-ашты үйдөн жасап берүүнү сунуштады.
Жаңылыктар түрмөгү
0