Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКарагайдагы жамгырдын тамчылары. Архив
Карагайдагы жамгырдын тамчылары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Жазылуу
23-майга караган түнү нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Жекшембиде күндүз аба ырайы өзгөрүлмөлүү болуп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Анткен менен абанын температурасы жогорулай тургандыгы айтылды. Чүй облусунда +27…+32, Талас жергесинде +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +29…+34, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +18…+23 градус болот.
Синоптиктер күндүн табы Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +31…+33 градуска чыгарын билдиришти.
Жаңылыктар түрмөгү
0