https://sputnik.kg/20210630/soz-ehrkindigig-miting-tarady-1053054035.html
Сөз эркиндигин коргоо боюнча митингге чыккандар тарады
Сөз эркиндигин коргоо боюнча митингге чыккандар тарады
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин имаратынын алдына 50дөн ашык адам сөз эркиндигин коргоо үчүн чогулушкан. Алар ЖК депутаты Гүлшат Асылбаева сунуш кылган "Маалыматты... 30.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-30T14:22+0600
2021-06-30T14:22+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
саясат
бишкек
сөз эркиндиги
мыйзам
жогорку кеңеш
митинг
https://sputnik.kg/img/07e5/06/1e/1053050792_0:0:3623:2048_1920x0_80_0_0_f3e4a23515ef0d2d1e7ea9c4ac51411c.jpg
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. "Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам долбооруна каршы чыккандардын митинги аяктады.Тарар алдында алар журналисттерге дагы бир ирет өз позициясын түшүндүрүп, парламент дайыма каникулга чыгар алдында ушул сыяктуу мыйзамдарды тезинен кабыл алып коёрун айтышты.Бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдына 50дөн ашык адам сөз эркиндигин коргоо үчүн чогулган. Алар ЖК депутаты Гүлшат Асылбаева сунуш кылган "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү" мыйзам долбооруна каршылыгын билдиришкен.Эске салсак, бул мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова демилгелеп, Жогорку Кеңеш тарабынан былтыр ушул маалда кабыл алынган. Ал буга чейин "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" долбоору деп аталчу.Бирок документ коомчулуктун кескин сынына кабылып, чуу жараткан. Кийинчерээк ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам долбооруна вето коюп, артка кайтарган. Анда пикир билдирүүнүн жана маалыматтын эркиндиги өлкөнүн Баш мыйзамында, ошондой эле адам укуктары жөнүндө бир катар эл аралык жана региондук келишимдерде кепилдик кылынган адам укуктарынын бири болуп эсептелинип жана демократиялык коомду өнүктүрүүдө негизги ролду ойноору айтылат.
https://sputnik.kg/20200626/gyulshat-asylbaeva-tuuraluu-6-fakty-1048818512.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/1e/1053050792_0:0:3259:2048_1920x0_80_0_0_6a65d1502305045c0330ed0f116606a9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, саясат, бишкек, сөз эркиндиги, мыйзам, жогорку кеңеш, митинг
жаңылыктар, коом, кыргызстан, саясат, бишкек, сөз эркиндиги, мыйзам, жогорку кеңеш, митинг
Сөз эркиндигин коргоо боюнча митингге чыккандар тарады
14:22 30.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Жогорку Кеңештин имаратынын алдына 50дөн ашык адам сөз эркиндигин коргоо үчүн чогулушкан. Алар ЖК депутаты Гүлшат Асылбаева сунуш кылган "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбооруна каршы болууда.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. "Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам долбооруна каршы чыккандардын митинги аяктады.
Тарар алдында алар журналисттерге дагы бир ирет өз позициясын түшүндүрүп, парламент дайыма каникулга чыгар алдында ушул сыяктуу мыйзамдарды тезинен кабыл алып коёрун айтышты.
Бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдына 50дөн ашык адам сөз эркиндигин коргоо үчүн чогулган. Алар ЖК депутаты Гүлшат Асылбаева сунуш кылган "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү"
мыйзам долбооруна каршылыгын билдиришкен.
Эске салсак, бул мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова демилгелеп, Жогорку Кеңеш тарабынан былтыр ушул маалда кабыл алынган. Ал буга чейин "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө"
долбоору деп аталчу.
Бирок документ коомчулуктун кескин сынына кабылып, чуу жараткан. Кийинчерээк ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам
долбооруна вето коюп, артка кайтарган. Анда пикир билдирүүнүн жана маалыматтын эркиндиги өлкөнүн Баш мыйзамында, ошондой эле адам укуктары жөнүндө бир катар эл аралык жана региондук келишимдерде кепилдик кылынган адам укуктарынын бири болуп эсептелинип жана демократиялык коомду өнүктүрүүдө негизги ролду ойноору айтылат.